Кара-Кулжа районунда жаңы спорт комплекси ачылды

Аймак 23 Май 2026 15:22
1.jpg
704689998_122211795488368081_3108399806802696295_n.jpg
703727276_122211795314368081_7944229239738692492_n.jpg
704751911_122211795134368081_6483293038128263834_n.jpg
705177777_122211795170368081_4207011772408273450_n.jpg
705859987_122211795350368081_8152405974325060621_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Бүгүн Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында жаңы, заманбап спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага катышкан президенттин өкүлү Аманкан Кенжебаев элдин саламаттыгы жана билимдүүлүгү – мамлекеттин негизи экенин белгиледи.

"Биз мындай демилгелерди, айрыкча жеке ишкерлердин коом үчүн жасаган аракеттерин ар дайым колдойбуз. Бул – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн белгиси. Бир кабаттуу спорт комплекси айыл жаштарына спорттук чеберчилигин өркүндөтүүгө жана сергек жашоо образын калыптандырууга ыңгайлуу шарт түзөт", – деген өкүл жеке ишкерлердин салымын жогору баалап, алардын демилгесин колдоого аларын билдирди.

Белгиленгендей, комплекстин жалпы наркы 19,7 млн сомду түздү. Анын ичинен 11,2 млн сом жергиликтүү бюджеттен бөлүгөн. Ал эми 7,5 млн сомун жеке ишкерлер берип, 1 млн сому айыл тургундарынан чогултулган.