Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында жаңы мектеп курулууда

Аймак 07 Август 2025 17:09
528152908_1262217398710640_6752160666404580291_n.jpg
528313075_1262217448710635_6041487107873444039_n.jpg
528750669_1262217542043959_8947416107130285071_n.jpg
529256614_1262217492043964_4840111314879598568_n.jpg
530082943_1262217408710639_5216411331823678987_n (1).jpg
530082943_1262217408710639_5216411331823678987_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылындагы Т.Назаров атындагы жаңы мектеп курулууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен башталды.

Долбоор боюнча мектеп 150 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея жана спорт залы менен курулат. Мындан тышкары, сырткы кичи футбол талаасы жана волейбол, баскетбол аянтчалары да каралган.

Мектептин жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт.

Курулуш-монтаждоо иштери Турак жай-жарандык курлуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнөт.