Кара-Көлдө муктаж болгон 32 үй-бүлөгө батир берилди

Аймак 5 ноябрь 2025 14:50
575102419_1935307560669832_9215010822484080836_n.jpg
575105020_1935307517336503_7355055770757772171_n.jpg
575190760_1935307584003163_862876527884984503_n.jpg
576287800_1935307324003189_1978594639362647161_n.jpg
577344666_1935307544003167_8763933169069712841_n.jpg
Алдыга
Артка
575102419_1935307560669832_9215010822484080836_n.jpg
575105020_1935307517336503_7355055770757772171_n.jpg
575190760_1935307584003163_862876527884984503_n.jpg
576287800_1935307324003189_1978594639362647161_n.jpg
577344666_1935307544003167_8763933169069712841_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Бүгүн Кара-Көл шаарында 32 батирлүү көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев, Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Турак үйдүн курулушу алгач 1985-жылы башталып, бирок каржылоо жана долбоордук иштердин үзгүлтүккө учураганынан улам, көп жылдар бою толук бүткөрүлбөй келген. 2024-жылдын август айында имаратта өрт кырсыгы катталып, 16 үй-бүлө турак жайсыз калган.

Бул көйгөйдү чечүү максатында жергиликтүү бюджеттен 50 млн сомдон ашуун каражат бөлүнүп, имарат толугу менен реконструкцияланды.

Батирлер №85 үйдүн жашоочуларына, ошондой эле турак жайга муктаж жана майыптыгы бар 32 жаранга берилди.

Ачылыш аземинде облус башчысы Тилек Текебаев конуш ээлерин куттуктап, бул турак үйдүн бүткөрүлүшү мамлекеттин жана жергиликтүү бийликтин жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган маанилүү кадамдарынын бири экенин белгиледи.