Кара-Көлдө 3,5 чакырымга созулган Курманалиев көчөсү асфальтталды

Аймак 5 ноябрь 2025 16:54
1.jpg
577000366_1935395030661085_5672361282394995902_n.jpg
575105877_1935395017327753_2523300849225682507_n.jpg
575127059_1935394630661125_6259631833437210075_n.jpg
576000406_1935394973994424_4642385541521533482_n.jpg
577773978_1935394957327759_953691726691689983_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Бүгүн Кара-Көл шаарында 3,5 чакырымга созулган Исмаил Курманалиев көчөсү асфальтталып, пайдаланууга берилди.

Презпиденттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ачылыш аземинде облус башчысы Тилек Текебаев шаар тургундарын куттуктап, бул демилге шаарды көрктөндүрүү жана жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталган жумуштардын бири экенин белгиледи.

Кара-Көл шаарындагы ички жолдордун жалпы узундугу 22,6 чакырымды түзүп, бүгүнкү күндө анын 11,5 чакырым аралыгы жаңыланган.

Мындан сырткары, 1600 метрге жакын аралыкка тротуар төшөлгөн.