Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Кара-Көл шаарында жайгашкан мурдагы бала бакчанын жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик объекттерди жана жер тилкелерин аныктоо жана кайтаруу боюнча иштердин алкагында Кара-Көл шаарында жайгашкан бир катар жер участоктору жана инфраструктура объекттери мамлекеттин балансына кайтарылды.
Кара-Көл шаарынын аймагында жайгашкан социалдык багыттагы объекттерге таандык кыймылсыз мүлк: 1,38 га аянттагы Электр станциялары" ААКтын филиалы - Токтогул ГЭСтер каскадынын мурдагы бала бакчанын жер тилкеси, ошондой эле курулмалары менен суу алуучу жай жана ушул убакка чейин "Достук комбинаты" ААКтын балансында турган 2,42 га жер тилкеси мурда жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылгандыгы аныкталган.
УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен социалдык инфраструктура объектилерин жана жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.