Кара-Көлдө беш жылда кандай өзгөрүүлөр болду?

Аймак
Кара-Көлдө беш жылда кандай өзгөрүүлөр болду?
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.10.26 /Кабар/. Кара-Көл шаарында 2021–2026-жылдары жолдор оңдолуп, жаңы социалдык объектилер жана турак үйлөр курулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуусунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, аталган мезгилде шаарда кичи футбол үчүн эки аянтча курулуп, 13,5 чакырым ички жол асфальтталган жана 1,58 чакырым тротуар салынган. Ошондой эле жаңы бала бакча, мектеп, шаардык ички иштер бөлүмүнүн административдик имараты жана 32 батирлүү турак үй пайдаланууга берилген.

Мындан тышкары, “Электр станциялары” ААКтын жаңы административдик имараты курулуп, “Аква Сервис” балыкты кайра иштетүүчү ишканасы жана чакан Кара-Көл ГЭСи ишке киргизилген.

Учурда шаарда бир катар долбоорлор ишке ашырылууда:

  • 2026-жылы Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталган;
  • Милиция кызматкерлери үчүн көп кабаттуу турак үй курулуп, Жалпы дарыгерлик практика борбору капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө;
  • “Жаштар аллеясын” көрктөндүрүү жана шаардын борбордук тепкичин оңдоо иштери жүргүзүлүүдө;
  • Стимулдаштыруучу гранттардын эсебинен жалпы наркы 40,4 млн сомду түзгөн 11 долбоор ишке ашырылууда.

Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания шаарда көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушун баштаган.