Тилек Текебаев Кара-Көл жана Токтогулда жашоочулардын көйгөйлөрүн укту

Аймак 1142 26 Март 2025 10:35
486773431_1760157361518187_5120484021736630118_n.jpg
486252490_1760173398183250_7613524328499140090_n.jpg
486513122_1760173444849912_6590039107473157930_n.jpg
486684306_1760173804849876_6988105493532667667_n.jpg
486684310_1760173481516575_4603600745918400116_n.jpg
487035357_1760158338184756_7533699207769817084_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Кара-Көл шаарынын жана Токтогул районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Кундуз Сулайманов, облустук мекеме-ишканалардын башчылары жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүлгө Кара-Көл шаарынын тургундары турак жайга болгон жеке маселелери, укуктук көйгөйлөрү, таза суу, медициналык мекемелердин жетишсиздиги, жер тилке алууга болгон кезектүүлүк, мектеп рекетчилиги сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Облус башчысы ата-энелер тарабынан көтөрүлгөн жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кылдат иликтеп чыгуу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берилди.

Токтогул районунун жашоочулары ыйгарым укуктуу өкүлгө Ичке-Сай-Өзгөрүш маршруттук каттамын уюштуруу, жол оңдоо, жөлөк пул алуудагы мүчүлүштүктөр, таза суу жана сугат сууга болгон тартыштык, социалдык мекемелерди куруу муктаждыктары бар экенин айтышты.

Облус башчысы Тилек Текебаев жыйында айтылган бардык маселелер протоколдук тапшырманын негизинде аткарууга алынып, мыйзам чегиндеги тийиштүү чаралар көрүлөөрүн белгиледи.