Кара-Көл мэриясы медициналык окуу жайга тапшыргандардын контрагын төлөп берүүнү сунуштады

Ден соолук Загрузка... 29 Июль 2025 12:13
WhatsApp Image 2025-07-29 at 11.07.23.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Кара-Көл шаарынын мэриясы медициналык окуу жайга тапшыргандардын контрагын төлөп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул демилге медицина тармагындагы кадрлардын жетишсиздигин толуктоо максатын көздөйт. Мындан улам мектепти аяктаган окуучулар жана ата-энелер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Контрагынын 100 же 50 пайызы төлөнгөн студенттер кийин шаарга келип иштеп бериши керек.

“Бизде медицина кызматкерлери жетишсиз. Акушер-гинеколог, хирург дарыгерлери керек. Быйыл биз мектепти аяктаган окуучулар жана ата-энелер менен сүйлөшүп жатабыз. Эгер бүтүрүүчүлөр медициналык кесипке ээ болуу максатында жогорку окуу жайга тапшырса, биз үч тараптуу келишимдин негизинде анын контрагын толук же жарымын төлөп беребиз. Азыр эки бүтүрүүчү менен ошондой келишим түзгөнү жатабыз. Биз алардын билим алуусуна шарт түзүп берип жаткандыктан, кийин окуусун аяктаганда Кара-Көл шаарына келип медицина мекемелелерине иштеп бериши керек. Бул демилгебиз кадрлардын жетишсиздигин толуктоо максатын көздөйт", - дейт шаар жетекчиси.