Кара-Кечеге 1200 мегаваттык жылуулук электр станциясы курулат – Кайрат Маматов

Коом Загрузка... 03 Октябрь 2025 11:27
WhatsApp Image 2025-10-03 at 10.59.39.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.10.2025 /Кабар/. Жакында Кара-Кечеге 1200 мегаваттык жылуулук электр станциясы курулат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине “Кыргызкөмүр” ишканасынын директору Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, бул эң ири долбоорлордун бири болуп саналат.

“Мындай жогорку кубаттуулуктагы электр станциясы Кыргызстанда буга чейин курула элек болчу. Жаңы технологиялардын негизинде курулат. Ошондуктан түтүн же зыяндуу газдар бөлүнбөйт, экологияга терс таасир тийгизбейт”, — деди Маматов.

Мындан тышкары, ал станциянын ишке кириши менен 1000ден ашык жумушчу орун түзүлөрүн, ал эми станциядан чыккан жылуу сууга күнөсканалар курулуп, айыл чарбасын өнүктүрүүгө да өбөлгө болорун кошумчалады.