Бишкек, 13.08.26 /Кабар/. Бишкек жана Чүй облусуна Кара-Кечеден майда көмүр жүктөөгө жол берилбейт. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коомунун башкы директору Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Чүй менен Бишкекке Кара-Кечеден майда көмүр жүктөлбөсүн деген буйрук чыгарылып, көмүрдү алдын ала сорттоо иштери жүргүзүлүүдө.
“Бүгүнкү күндө үч мобилдик сорттоочу комплексти койгонбуз. Алар көмүрдү иргеп, кесек көмүр чыгарып, майда көмүрдү Бишкек ЖЭБине берип жатабыз. Кечээ өзүбүз көргөндөй, жакшы кесек көмүр келди. Кыштын аягына чейин ушундай кесек көмүр бергенге аракет кылабыз”, — деди Садыралиев.
Ал ошондой эле көмүрдүн табигый продукт экенин белгилеп, ташуу учурунда бир аз бөлүгү майдаланып кетиши мүмкүн экенин айтты.
“Бир нерсени айта кетсем, көмүр өзү табигый продукт. Биз ээлегенден кийин унаага жүктөлүп, 356 чакырым жол жүрүп келет. Андан соң топ базага түшүрүлүп, кампага жыйылат. Кийин унааларга салып ташуу аралыгында да анча-мынча майдаланат. Биз Кара-Кечеден салып берген боюнча көмүр тура бербейт. Балким 5-10 пайыз майдаланып кетиши мүмкүн”, - деди ал.
Садыралиев белгилегендей, учурда Токмок шаарындагы кампада 700 тоннага жакын көмүр камдалган. Бишкектеги базаларда да 700-800 тоннага жакын көмүр бар.