Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында журналисттерге Кара-Кече ЖЭСин куруу маселеси кайсы этапта экендигин айтып берди.
Анын айтымында,инвестициялык келишимде долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу каралган.
“Бүгүнкү күндө бул багыттагы иштер жүрүп жатат, алар аяктагандан кийин курулуш иштери башталат”, — деди министр.
Эске салсак, станциянын пландалган кубаттуулугу 1 миң 200 мегаваттты түзөт. Биринчи этапта ар бири 300 мегаватт болгон эки энергоблокту куруу каралган. Ишке ашыруу мөөнөтү — 36,5 ай.
Экинчи этапта 600 мегаваттык бир блок курулат. Объектини толугу менен пайдаланууга берүү 54,5 айдан кийин пландалууда.
Үч блок тең ишке кирген соң станция жылына 7,8 млрд киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгышы керек.
Жылуулук электр станциясын Нарын облусунун Жумгал районундагы Дыйкан айылынан жогору аймакта куруу пландалган. Бул аймак Кара-Кече күрөң көмүр кенинен 35 чакырым алыстыкта жайгашкан.