Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Кара-Кече ЖЭСин 2-3 жылдын ичинде куруп бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Жаанбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Министрдин айтымында, учурда кыска жана узак мөөнөттүү программалар боюнча иш алып жүрүүдө. Булар өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүн жогорулатууга багытталган.
“Кыска мөөнөттүүлөрүнө күн жана шамал электр станциялары кирет. Ал эми Кара-Кече ЖЭСин 2-3 жылдын ичинде куруп, ишке киргизебиз деп пландап жатабыз. Ошондой эле чакан ГЭСтер да бар. Узак мөөнөттүүлөргө кирген Казарман ГЭСтер каскадын түрк компаниясы куруу милдетин алган. Андан кийинки “Камбар-Ата-1” ГЭС ири долбоору бар. Учурда үч мамлекеттин жумушчу топтору тиешелүү кол коюларды ишке ашыргандан кийин бул багытта да иштер уланат”, - деди ал.
Эл өкүлү Улан Жаанбаев 3-5 кВт болгон чектөөлөр качан алынарын сураганда, министр Кара-Кече ЖЭСи ишке кирген соң эч кандай маселе жаралбай турганын айтты.
“2027-жылы Кара-Кече ЖЭСин куруу иштери башталса, 2029-жылдын башында курулуш бүтүп калса, электр энергиясын көп керектеген учурларда жаралган маселелер чечилет”, - деди министр.