Кара-Дарыя – Дөш жолунун 7,2 чакырым аралыгы асфальтталат

Аймак 08 Июнь 2026 19:20
719307943_1313574960951247_6341384526538388171_n.jpg
719803904_1313574807617929_2065723766412744375_n.jpg
720031180_1313574857617924_7495740529273636084_n.jpg
718043364_1313574757617934_105213878695300804_n.jpg
718118081_1313574827617927_7876126207036060852_n.jpg
718164379_1313574764284600_7466707367479219861_n.jpg
718980556_1313574867617923_6120708530892787617_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Кара-Дарыя – Нефти-Пром – Үч-Мазар – Дөш унаа жолун кеңейтүү иштери дээрлик аяктап, учурда шагыл төшөө жумуштары жасалууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда бул жолдун туурасы болгону 7 метр болуп, тар жана асфальтталган эмес. Азыр ал 10-12 метрге чейин кеңейтилип, заманбап талаптарга ылайыкталып курулууда.

"Жалпысынан 7,25 чакырым аралыкка алгачкы жолу толук асфальт төшөлөт.
Учурда министрликтин атайын техникалары тартылып, бардык иштер ырааты менен өз убагында аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.

Долбоор толугу менен ишке ашкандан кийин айылдардын ортосундагы транспорттук каттам жакшырып, калктын жашоо шарты кыйла жеңилдейт.