Кара-Балтада мончо жана анын жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген

Аймак 866 24 Февраль 2025 15:40
WhatsApp Image 2025-02-24 at 14.33.57 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-24 at 14.33.56 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-24 at 14.33.57 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-24 at 14.33.56 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Кара-Балта шаарында коомдук мончо жана анын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын аткарылышына жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кара-Балта шаарынын Мира көчөсүндө жайгашкан коомдук мончонун имараты менен аянты 0,21 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылып кеткендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, жалпы 69 млн 31 миң 200 сомго бааланган мончонун имараты жана жер тилкеси муниципалдык менчигине кайтарылды.