Кара-Балтада азот кычкылынын көрсөткүчү нормадан 3,9 эсеге ашкан

Аймак 135 13 Август 2026 10:20
photo_5451630396186499623_w.jpg
photo_5451630396186499618_w.jpg
photo_5451630396186499620_w.jpg
photo_5451630396186499621_w.jpg
photo_5451630396186499622_w.jpg
photo_5451630396186499625_w.jpg
photo_5451630396186499628_w.jpg
Алдыга
Артка
photo_5451630396186499623_w.jpg
photo_5451630396186499618_w.jpg
photo_5451630396186499620_w.jpg
photo_5451630396186499621_w.jpg
photo_5451630396186499622_w.jpg
photo_5451630396186499625_w.jpg
photo_5451630396186499628_w.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 13.08.26 /Кабар/. Экологиялык мониторинг департаменти Кара-Балта шаары жана Ново-Николаевка айылында атмосфералык абанын сапатына мониторинг жүргүздү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, изилдөө тургундардын кайрылуусунун негизинде бир катар көчөлөрдө жүргүзүлүп, абадан үлгүлөр алынды.

Натыйжада Кара-Балтанын Кыргызстанга 40 жыл көчөсүндө азот кош кычкылынын концентрациясы чектүү жол берилген көрсөткүчтөн 3,9 эсеге, Ново-Николаевка айылынын Москва көчөсүндө 1,9 эсеге жогору экени аныкталды.

Калган текшерилген аймактарда көрсөткүчтөр белгиленген чектен ашкан эмес.

Изилдөөнүн жыйынтыктары тиешелүү чараларды көрүү үчүн мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.