Кара-Балтада 30 жыл иштебей турган “Дан азык” мамлекеттик ишканасы ишке кирет

Экономика Загрузка... 19 Сентябрь 2025 17:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 19.09.25 /Кабар/. Кара-Балта шаарындагы 1990-жылдардын башында ишин токтоткон “Дан азык” мамлекеттик ишканасы быйыл ноябрь айында кайрадан ишке кирет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы 30 жыл ичинде ишкана толук кандуу иштебей, болгону атайын азык-түлүк запастары сакталган кампалары гана колдонулуп келген.

“Учурда мамлекет каражат бөлүп берди. Тегирмендер ишке киргизилип, кошумча макарон чыгаруучу цех курулду. Ноябрь айында ишкананын аймагында макарон жана ун чыгаруучу эки цех бир убакта ишке киргизилет”,-деди Чыналиев.

2024-07-15_19-40-25_759101.width-800.jpg

Ошондой эле ал мурда бул мүмкүнчүлүктөр мамлекеттин материалдык резервдерин сактоо үчүн гана колдонулуп келгенин, эми толук кандуу өндүрүш жандана турганын белгиледи.

Ишканада алдыда 60–70 жумуш оруну түзүлөт. Заводду калыбына келтирүү үчүн Кара-Балта шаарын өнүктүрүү фондунан 100 млн сом, ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен дагы 64 млн сом бөлүнгөн.

Учурда ишкана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, имарат жаңыланды, ал эми эски жабдуулар толугу менен алмаштырылды. Ошондой эле Түркия менен Кытайдан жаңы техникалар алынып келди. Жабдуулардын баары орнотулуп, акыркы иштер жасалууда”,-деп кошумчалады Мухтар Чыналиев.