Кара-Балта тигүү цехинин мурдагы имараты мамлекетке кайтарылды

Коом 23 сентябрь 2025 16:30
552793799_1295347639039719_1151739145270866801_n.jpg
552883169_1295347649039718_2117356725079049021_n.jpg
554104073_1295347765706373_633679194845289695_n.jpg
549707750_1295347562373060_1145814341694211060_n.jpg
550261300_1295347875706362_3139426434323207351_n.jpg
551060942_1295342299040253_3412178136099492797_n.jpg
552218213_1295347652373051_6381249353640889796_n.jpg
552336308_1295347569039726_1550235505010892258_n.jpg
552365440_1295347565706393_8372878159080200283_n.jpg
552401206_1295347735706376_3695839238048802399_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Жайыл районунда Кара-Балта тигүү цехинин мурдагы имараты мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Кара-Балта шаарындагы Гвардейская көчөсү 18 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 12 400 чарчы метр болгон мурдагы Кара-Балта тигүү цехинин имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.

Белгиленгендей, буга чейин 1992-жылы И.Р.И. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы тигүү цехинин директору болуп турган кезде аталган объектини өзүнүн жакын тууганынын атына менчиктештирип алганы аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган тигүү цехинин ээси мүлккө ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын мойнуна алып, өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берди.