Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Бүгүнкү күндө "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын эки филиал ийгиликтүү иш алып барууда. Бул тууралуу аталган заводдун башкы директору Аман Ибраев "Кабар" агенттигине билдирди.
Маалым болгондой, алар “ИДЕАЛ-ФАРМ” фармацевтикалык продукцияларды өндүргөн филиал жана Сокулук” алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчү заводдун филиалы.
Белгиленгендей, “ИДЕАЛ-ФАРМ” фармацевтикалык продукцияларды өндүргөн заводдун филиалы жылдын акыркы үч айында 300 млн сомдон ашык продукцияны экспортко жөнөткөн. Өндүрүш көлөмү өсүп, жаңы жумуш орундары түзүлүп, туруктуу жеткирүү жолго коюлган. Заводдун карамагындагы филиал өндүргөн антисептик каражаттар учурда ички рынокто эң көп сатылган продукциялардын бири болууда.
Ал эми экинчи филиал болгон “Сокулук” алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчү заводдун продукциясы Россияда өткөн “Эң мыкты арак – 2025” конкурсуна катышып, үч алтын медалга ээ болгон.
Бүгүнкү күндө филиал 28ден ашуун брендди чыгарууда, алар ар кандай көлөмдө жана жеткиликтүү бааларда өлкөнүн бардык ири соода түйүндөрүндө сатылууда.
Ошондой эле Бишкекте, Сокулукта жана Ысык-Көл облусунда үч фирмалык дүкөн иштей турганы маалымдалды.