"Кара-Балта спирт заводу" ички рынокту 100 пайыз камсыздайт - Ибраев

Экономика Загрузка... 22 Октябрь 2025 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы чыгарып жаткан этил спирти дүйнөлүк сапат стандарттарына жооп берип, бүгүнкү күндө өндүргөн продукциясы менен ички рынокту 100 пайыз камсыздайт. Бул тууралуу "Кара-Балта спирт заводунун" башкы директору Аман Ибраев "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ишкана 7 жылдык тыныгуудан кийин 2021-жылы ишин жандантып, акыркы жылдар ичинде өндүрүштүн сапатын жакшыртуу, кызматкерлерге шарттарды түзүү жана кирешелүүлүктү арттыруу боюнча чоң иштерди аткарды.

"Бизде жогорку сапаттагы спирт өндүрүлөт. Бул факт Москва шаарында өткөн эл аралык “Мыкты спирт” конкурсу тарабынан да тастыкталган. Анда Кара-Балта спирти эки күмүш медалга ээ болгон. Ошондой эле Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн “ЗАЛАТЫ КЕЛІХ” эл аралык сынагында «ЛЮКС» класстагы спирт өзүнүн жогорку сапаты менен айырмаланып, алтын медаль менен сыйланган", -деди Ибраев.

Белгилей кетсек, 2022-жылы этил спиртин өндүрүү жана сатуу боюнча мамлекеттик монополия киргизилгенден кийин, алкоголдук продукция чыгаруучу ишканалардын акциздик салыгынын көлөмү кыйла өскөн.

2021-жылы бул сумма 1,2 млрд сомду түзсө, 2022-жылы 2,05 млрд сомго, ал эми 2024-жылы 4,29 млрд сомго жеткен.

Ишкана жетекчиси кошумчалагандай, бул көрсөткүчтөр мамлекет кабыл алган чаралардын натыйжалуулугун жана легалдуу өндүрүштүн туруктуу өнүгүп жатканын далилдейт.