Кара-Балта шаарында таштанды полигону курулат

Коом 1049 23 Апрель 2026 17:06
680003645_953464107306719_1467859036635386722_n.jpg
678913302_953464543973342_322245950565034672_n.jpg
678616335_953464180640045_5849295103334763819_n.jpg
678896706_953464173973379_5286429782814196829_n.jpg
678199299_953464160640047_3808823888907220951_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Кара-Балта шаарында таштанды полигону курулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин өкүлдөрү Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен биргеликте жаңы санитардык полигондун курулушу үчүн бөлүнгөн жер тилкесин изилдешти.

Долбоорду ишке ашырууда жагымсыз жыттарды толугу менен жок кылууга гана эмес, зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышын азайтууга, ошондой эле объектте өзүнөн-өзү өрт чыгуу коркунучун алдын алууга мүмкүндүк берген япониялык “Фукуока” технологиясын колдонууга өзгөчө басым жасалды.

Министрликтен белгилешкендей, долбоор үчүн 4 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүнүүдө.

Заманбап полигондун курулушу Кара-Балта шаарынын жана Чүй облусунун Жайыл районундагы 32 айылдын таштандыларын төгүүгө байланышкан курч экологиялык маселелерди чечмекчи.