«Кара-Балта» көмөк чордонунда оңдоо иштери 70 пайызга аяктады

Аймак Загрузка... 02 Сентябрь 2025 14:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. 220/110/10 кВ «Кара-Балта» көмөк чордонунда оңдоо иштери 70 пайызга аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Энергетиктер тарабынан көмөк чордондо 7 даана жабдууну капиталдык оңдоо, 87 даана жабдууну техникалык тейлөөдөн өткөрүү пландаштырылган.

"Учурда келе жаткан кыш мезгилине карата даярдык 70 пайызга аткарылып бүттү. Калган 30 пайыз даярдыкиштери 1-ноябрга чейин аяктайт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, реконструкциялоо иштеринин алкагында Т-2 жана С фазаларында 220 кВ киргилерди алмаштыруу иштери жүргүзүлдү.

Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жана керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жасалууда.

Маалымат үчүн: 220/110/10 кВ «Кара-Балта» көмөкчордондун курулушу 1974-жылыбашталып, 1976-жылы кубаттуулугу 63 000 кВА болгон автотрансформатор менен эксплуатацияга берилген. Азыркы учурда көмөкчордондо кубаттуулугу 125 000 кВА 3 автотрансформатор, 110 кВ тарапта 7 линиясы жана 220 кВ тарапта 3 линиясы орнотулган. Көмөк чордонду тейлеген персоналдын саны 13 адамды түзөт.