Кара-Балта дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт – эскиздери

Аймак 18 Июнь 2026 11:40
725924472_1515845320014512_4298403649287347398_n.jpg
724425269_1515845446681166_1365671512636454834_n.jpg
724429699_1515845423347835_2750362041703113568_n.jpg
724577553_1515845403347837_986601388934789762_n.jpg
724666190_1515845436681167_7749475844882043128_n.jpg
724771058_1515845360014508_7343937410808018023_n.jpg
724894466_1515845326681178_6976871159935896963_n.jpg
725166077_1515845410014503_3646388252144168158_n.jpg
725206082_1515845463347831_1835931436413591181_n.jpg
727136666_1515845343347843_7524537776046759009_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Кара-Балта дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Учурда Шаар куруу жана архитектура департаментинин архитекторлору тарабынан эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Көрктөндүрүү дарыянын Жайыл баатыр көчөсү менен кесилишкен аймагында жүргүзүлөт.

Долбоордо көчөлөрдү жарыктандыруу, отургучтарды жана таштанды урналарын орнотуу, жашыл аймактарды түзүү, жөө жүргүнчүлөр жана майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлуу жөө жүрүү жолдорун салуу, ошондой эле параллелдүү унаа токтотуучу жайларды уюштуруу каралган.

Мындан тышкары, аймактын транспорттук жеткиликтүүлүгү да эске алынган.