Кар жаап жатат. Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Аймак Загрузка... 26 Декабрь 2025 14:28
605760252_1179916897650388_3685649097487430846_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Бүгүн саат 13:00дөн тарта Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу Сосновка постунан оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кар тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү эскертет.