Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компанияны күтүүсүз текшерди

Коом Загрузка... 16 Январь 2026 18:45
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 16.01.26 /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компаниясына күтүүсүз барып, кезекте турган жарандардын суроо-талаптарына жана кайрылууларына жооп берди. Бул тууралуу Иш башкармалыктан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Туманбаев жарандардын убактысын үнөмдөө максатында аларды “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн форматта кезекке турууга жана кызматтарды аралыктан алуу мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланууга чакырды.

Андан сырткары, ал жакында президенттин колдоосу менен МИКке кезекке турууда мигранттар үчүн атайын жеңилдетилген тескеме ишке кирээрин белгиледи. Бул алыста иштеп жүргөн жарандардын үй алууга болгон мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Ошондой эле, компаниянын кызматкерлерине жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, электрондук кызматтардын артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берүүнү тапшырды.