Кант диабетин алдын алуу. Кыргызстанда ДСУУнун долбоору ийгиликтүү ишке ашты

Ден соолук Загрузка... 12 Ноябрь 2025 16:00
WhatsApp_Image_2025_NQVpL2z.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 12.11.25 /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун улуттук кызматкери Алина Алтымышева Кыргызстанда ишке ашырылган Дүйнөлүк диабет фондунун долбоору ийгиликтүү болуп, Европадагы 53 өлкөнүн арасында эң мыктылардын бири катары таанылганын белгиледи. Долбоордун жыйынтыктары 2023-жылы Таллинн конференциясында көрсөтүлгөн.

"Долбоорду кыргызстандык дарыгерлерден турган чоң команда тааныштырды. Анда секторлор аралык деңгээлде иштеген ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин иши маанилүү роль ойногону көрсөтүлдү", — деди Алтымышева.

Долбоордун алкагында көптөгөн акциялар өткөрүлүп, диабет боюнча иштер бүткүл коомчулуктун катышуусун талап кылары айкын болду. Долбоордо медсестраларды окутууга өзгөчө көңүл бурулду.

"Биз көптөгөн медсестраларды окуттук жана бул абдан маанилүү, анткени алар жаш, гаджеттерди колдонуп, маалыматты бейтаптарга тез жеткире алышат. Бизде дарыгерлер аз, көбү пенсия курагында жана иши көп. Бул жагынан алганда, медайымга бейтапка бутту кантип туура багуу керектигин, тырмакты өз алдынча албоо жана жылаңайлак баспоо керектигин түшүндүрүү оңой, анткени сезгичтиктин төмөндөшү олуттуу кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн", — деп баса белгиледи ДССУнун өкүлү.

Долбоор ошондой эле диабет учурунда көздүн эрте жабыркашын аныктоого багытталган. Бул үчүн фундус-камера колдонулган.

"Медайым көздү сүрөткө тартып, сүрөттү офтальмологго жөнөтөт. Бейтапка зарыл болсо дарыгерге кайрылуу боюнча сунуш берилет. Бул маанилүү, анткени дүйнөдөгү ар бир үчүнчү диабет менен ооруган адамдын көзү жабыркаган", — деп кошумчалады Алтымышева.