Кант диабетине чалдыгуу коркунучун кантип азайтуу керек? Адистин кеңеши

Ден соолук Загрузка... 30 Сентябрь 2025 12:00
0fd0c9d9-36bb-4599-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору кант диабетинин тобокелдигин азайтуу боюнча кеңеш берди.

Маалыматка ылайык, кант диабети — бул узакка созулган оору, анда уйку бези жетиштүү инсулин бөлүп чыгарбайт же организм өндүрүлгөн гормондун таасирин эффективдүү колдонбойт. Инсулин кандагы шекердин деңгээлин жөнгө салат.

Кант диабети жүрөк, бөйрөк, көрүү жана нерв системасы менен байланышкан олуттуу ооруларга алып келиши мүмкүн.

Оорунун мүнөздүү белгилерине зааранын көбөйүшү, суусап, ооздун кургашы, теринин жана былжыр челдин кычышуусу, алсыздык, табитти сактоо менен арыктоо, жарааттардын жана кесилген жерлердин жай айыгышы, көздүн бүдөмүк болушу кирет.

Дарыгерлер тобокелдик факторлоруна 45 жаштан жогорку курак, ашыкча салмак, үй-бүлөлүк тарых, кыймылсыз жашоо образы, кан басымы жана холестериндин жогору болушу, жүрөк оорулары же инсульт кирет деп белгилешет.

Дарыгерлер сергек жашоо кант диабетинин алдын алуунун ачкычы экенин баарына эскертет. Эгер сиз семирсеңиз, арыктоо маанилүү, таттууларды жана майлуу тамактарды колдонууну чектеп, рационуңузга жашылча-жемиштерди көбүрөөк кошуңуз. Орозо кармоо сунушталбайт.

Күнүнө 30 мүнөттөн кем эмес үзгүлтүксүз физикалык көнүгүү, анын ичинде басуу, сууда сүзүү, бийлөө же йога менен машыгуу сунушталат. Адистер ошондой эле скринингден өтүп, ден соолугуңузду көзөмөлдөөнү сунушташат.