Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Кант АБЗ (асфальт бетон заводу) унаа жолунун 1-6-чакырым аралыгында жол куруу иштерине байланыштуу унаа кыймылы убактылуу чектелди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн Кант шаарына өтүүчү айланма жол ачылды. Айдоочуларга жол белгилерине көңүл буруп, көрсөтүлгөн айланма жол аркылуу жүрүү сунушталат.
"Жол курулушуна байланыштуу айдоочулар үчүн убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.