Бишкек, 21.10.25 /Кабар/. Кандагы коргошунду аныктоочу лаборатория курулуп, ага кымбат баалуу жабдуу алынат. Бул тууралуу "ЭкоИс Бишкек" коомдук бирикмесинин өкүлү Кубаныч Алмереков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында кабарлады.
Анын айтымында балдардын канындагы коргошунду аныктоо изилдөөсү өтө маанилүү иш-чаралардын бири болду. Себеби, анын зыяндуулугу жалпы калк, анын ичинде балдар үчүн кооптуу.
“Бул изилдөө Takeda (Такеда) – япониялык эл аралык фармацевтикалык компаниясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Мындай изилдөөлөр Кыргызстандан сырткары Колумбия, Перу, Индия жана Индонезия өлкөлөрүндө жүргүзүлүүдө. Биздин долбоордун башкы максаттарынын бири – ушул изилдөө болчу. Учурда биринчи этабы ишке ашырылып, экинчиси пландалууда.
Андан сырткары, Саламаттык сактоо министрлигинде бул олуттуу көйгөйдүн системасын түзүү каралып жатат. Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту жана биздин уюмдун биргелешкен долбоорунун алкагында атайын лаборатория курулуп, ага 800 миң АКШ доллары турган жабдуу алынат. Себеби, учурда өлкөдө кандагы коргошунду аныктоочу бир да лаборатория жок. Ал эми жеке менчиктери Россияга жөнөтүп анан аныкташат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стандарттарына ылайык дарылоонун протоколун түзүү үчүн атайын жумушчу топ иштеп жатат. Ошондой эле калктын маалымдуулугун жогорулатуу иштери дагы бар”,-деп белгиледи ал.