Канат Сагынбаев Жалал-Абаддагы соцмекемелерди кыдырды

Аймак 3 сентябрь 2025 11:21
542667043_1224518469717824_4522552670045686111_n.jpg
542689400_1224518769717794_5332756495008196015_n.jpg
542689908_1224518513051153_5430414023722644410_n.jpg
542756910_1224518349717836_1994138639920531080_n.jpg
542760306_1224518456384492_7949215285886474225_n.jpg
541323726_1224518316384506_4734645292104306575_n.jpg
541488747_1224520069717664_8348240526759334145_n.jpg
541737730_1224518409717830_1874941141285521345_n.jpg
541747184_1224518406384497_3788893623132133126_n.jpg
541747536_1224524979717173_5913323550248451402_n.jpg
542117707_1224519269717744_2168233243019895705_n.jpg
542576918_1224518383051166_1008003584670685970_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу Канат Сагынбаев Жалал-Абад шаарындагы бир катар социалдык стационардык мекемелерге барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин милдетин аткаруучу социалдык кызмат алуучулардын жашоо-шарттары, имараттардын абалы жана ага чектеш инфраструктура менен таанышып, ошондой эле камкордук, тамак-аш жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Жалал-Абад шаардык психоневрологиялык мекемесинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн түзүлгөн шарттарды, анын ичинде балдардын жашоо жайларын, оюн бөлмөлөрүн, уктоочу бөлмөлөрүн, окуу класстарын, ашкананы, санитардык түйүндөрдү, кир жуу бөлмөсүн жана энергия менен камсыздоону текшерип көрдү.

"Жалпысынан абал жаман эмес, бирок түздөн-түз балдардын өздөрүнө көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Мисалы, мен санитардык түйүндөрдү көрүп жатам, бирок алар колдонулбай турат. Ошондуктан кызматтар балдарга толук көлөмдө көрсөтүлүшүн талап кылам",– деди министрдин м.а. Сагынбаев.

Министрдин м.а. формалдуу иш-аракеттер менен чектелбей, түздөн-түз балдар менен иштөөнү талап кылды. Бул үчүн 142 балага кызмат көрсөткөн мекемеде 159 кызматкерден турган штат жетиштүү экени белгиленди. Айрым аныкталган мыйзам бузуулар боюнча чара көрүү тапшырылды.

"Ак-Жол" комплекстүү реабилитациялык борборунда учурда 21 бала – толук жетимдер, жарым жетимдер жана социалдык жетимдер реабилитациядан өтүп жатышат. Мекемени кароо жыйынтыгында Канат Сагынбаев лицензиялоо маселесин мыйзамга ылайык алып келүү жана балдардын жайгашуу шарттарын карап чыгуу боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле министрдин м.а. Жалал-Абад шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын имаратына барды. Барган учурда К.Л. Сагынбаев кызматкерлердин иш боюнча ойлорун угуп, аларды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.