Камсыздандыруудагы рекорд: Тик учак үчүн 254 млн сом төлөндү

Коом Загрузка... 16 Июнь 2026 16:40
copyright icon Мамлекеттик камсыздандыру уюму

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК Коргоо министрлигине 253,9 млн сом өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын төлөп берди. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул каражат Кыргызстандын камсыздандыруу тарыхындагы авиациялык окуялар боюнча төлөнгөн эң ири сумма болуп калды.

"Камсыздандыруу төлөмү 2025-жылы Жеңиш чокусунун аймагында куткаруу операциясын аткарып жаткан учурда кырсыкка учурап, жабыркаган "Ми-8" тик учагы үчүн берилди. Аталган аскердик техника 2024-жылы уюм тарабынан расмий түрдө камсыздандыруудан өткөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул окуя өлкөдөгү мамлекеттик мүлктү, өзгөчө кымбат баалуу авиациялык техникаларды камсыздандыруу тутумунун натыйжалуулугун жана ири тобокелдиктерди жабууга кудурети жетерин далилдеген тарыхый учур катары бааланууда.