Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун аймактардагы беш филиалына жаңы көчмө кеңселер берилди.
Уюмдун маалыматына ылайык, көчмө кеңселер Баткен, Нарын, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы филиалдарга тапшырылды.
"Жаңы көчмө кеңселер жарандарга камсыздандыруу кызматтарын жашаган жерине жакын, ыңгайлуу жана жеткиликтүү шартта алууга мүмкүнчүлүк түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, муну менен камсыздандыруу кызматтарын аймактардагы жарандарга жакындатуу иштери улантылууда.