Бишкек 27.06.25 /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Чүй облустук филиалы жарандарды Бишкек шаары, Абай көчөсү, 40 дарегинде күнү-түнү, 24/7 режиминде эс алуу жана майрам күндөрүнө карабай үзгүлтүксүз кабыл ала баштады. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирет.
Мындай форматтагы тейлөө Бишкек жана Ош шаарларында да жүргүзүлүп жатат:
- Бишкек шаарында Москва көчөсү, 71 дарегиндеги филиал күнү-түнү иштеп, шаардыктарга үзгүлтүксүз тейлөө көрсөтүүдө.
- Ош шаарында Касымбеков көчөсү, 30 дарегинде, шаардык Унаа мекемесинин имаратында, жарандар ОСАГО боюнча полисти 24/7 режиминде ала алышат.
Маалыматта белгиленгендей, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму калкты сапаттуу, ачык жана үзгүлтүксүз тейлөө менен камсыз кылууну улантып жатат.