Талиева: Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун негизги себеби — жокчулук

Коом Загрузка... 05 Декабрь 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-12-05 at 12.47.47.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун келип чыгышынын негизги себеби – жокчулук. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Камила Талиева Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз аял-судьяларынын ассоциациясынын XI конференциясында билдирди.

“Мисалы, Лейлек районундагы айылдардын биринде 1 жылдын ичинде 10го жакын аял өз жанын кыюуга мажбур болгон. Алардын баарына социалдык басым жана экономикалык кыйынчылыктар себеп болгон. Тамак-аштын тартыштыгы, турак жайдын жоктугу, жер тилкесине ээ боло албагандыгы, кайнене-кайнатанын басымы жана күйөөлөрүнүн миграцияда жүргөнү же кайтып келип зомбулук көрсөтүүсү – мунун баары терең трагедия,” - деди Талиева.

Анын айтымында, өзгөчө 21 жаштан 24 жашка чейинки аялдар арасында суицид фактылары көп катталууда.

“Алардын ар биринин артында 3–4 бала жетим калып жатат. Бул чоң трагедия. Аймактарда бул маселе эң орчундуу көйгөй. Үй-бүлө институту бузулду. Баалулулуктар жоголду. Зордук-зомбулукка каршы күчтүү мыйзамдарды кабыл алып, практикалык иш-аракеттерди көрүшүбүз керек. Мыйзамдар жазылган бойдон калбашы керек. Мыйзамдар иш жүзүндө иштеши зарыл. Быйыл 9 айда 21 аял өз жанын кыйыптыр. Бул статистика эле. Жашыруун калып жаткандар мындан да көп,” - деп кошумчалады экс-депутат.