Камчыбек Ташиев Өзгөндө эки жалгыз бой энеге үй куруп берди

Аймак 12 Ноябрь 2025 16:30
581563952_1339399591301190_8244005237001887012_n.jpg
581301286_1339399514634531_4634517026387772464_n.jpg
581313013_1339399717967844_3085251763932756751_n.jpg
581341668_1339399697967846_8289533464369070653_n.jpg
581359795_1339399524634530_2357900772565523640_n.jpg
581378790_1339399391301210_2171250936469821751_n.jpg
581413017_1339399351301214_1979817227531815609_n.jpg
581457486_1339399384634544_143390277094739557_n.jpg
582280384_1339399534634529_4329824806959877518_n.jpg
582411468_1339399744634508_5937082184074789751_n.jpg
582426209_1339399567967859_3813066341432844849_n.jpg
582527631_1339399387967877_7050338047074018780_n.jpg
583042233_1339399381301211_2698458295217477549_n.jpg
583064417_1339399527967863_8973124929565582830_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндө эки үй-бүлөгө жаңы үйлөрдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Ушул жылдын август айында Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен жолугушкан учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө айылдагы эң муктаж эки үй-бүлөгө өз каражатынан турак жай салып берүүнү убада кылган.

Айыл эли бул демилгени колдоого алып, чындап эле жашоо шарты оор, жардамга муктаж эки үй-бүлөнү биргелешип тандап берген. Эки айга жетпеген убакыттын ичинде эки үй тең толук бүткөрүлүп, бүгүн жаңы ээлерине тапшырылды.

Алардын бири Кызы-Сеңир айылынын тургуну, жалгыз бой эне, эки уулдун апасы Марапат Тагаева, экинчиси Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу тургун, жалгыз бой эне Элнура Чекирова.

Ташиев жаңы үйлөрдүн ачкычын тапшырып жатып кайрымдуулук иштерди улантуу ар бир адамдын милдети экенин белгилеп, мындай жардам элдин ынтымагын жана бири-бирине боорукерлигин чыңдай турганын айтты.