Камчыбек Ташиев Өзгөн районуна жаңы оорукана курууну тапшырды

Аймак 25 Август 2025 09:35
536279257_1614805076145161_5234670808126588107_n.jpg
536278895_1614805296145139_1429055418139996456_n.jpg
536281114_1614805249478477_7066749512953740940_n.jpg
536283731_1614805099478492_5430977615671113283_n.jpg
537370049_1614805309478471_2274901188907970896_n.jpg
537378577_1614805152811820_328454060966496379_n.jpg
537386205_1614805262811809_7750140475074275781_n.jpg
537463738_1614805209478481_4824394573419475928_n.jpg
537806738_1614805119478490_1953532465644649759_n.jpg
538030029_1614805069478495_3031970189313585960_n.jpg
538182639_1614805162811819_627025844337270250_n.jpg
538342642_1614805226145146_5955789648021798843_n.jpg
538400252_1614805092811826_9090266966822001287_n.jpg
538583265_1614805132811822_3439642397856135805_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Өзгөн райондук ооруканасынын абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Ал оорукананын эскилиги жеткен имараттарын көрүп, учурдагы шарттар заман талабына такыр жооп бербей турганын белгиледи.

Медицина кызматкерлери жана бейтаптар үчүн ыңгайсыз болгон шарттарга күбө болгон Ташиев калктын саламаттыгы мамлекет үчүн эң башкы артыкчылык экенин айтып, жаңы заманбап оорукана куруу зарылдыгын так көрсөтүп өттү.

Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бул ишти создуктурбай, ыкчам түрдө жаңы курулушту баштоо боюнча тапшырма берди. Каражат маселесине токтолуп жатып, Ташиев жаңы оорукана курууга керектүү акча өлкө башчысы Садыр Жапаровдун стабилдештирүү фондунан бөлүнөрүн, демек маселе президенттин жеке көзөмөлүндө болоорун белгиледи.

Мындан тышкары, медициналык кызматкерлердин социалдык шарттарын жакшыртуу, бейтаптардын сапаттуу дарыланышына шарт түзүү жана региондордо ден соолукту коргоо тармагын көтөрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.