Камчыбек Ташиев: Визасы бүткөн Кытай жарандары өлкөдөн дароо чыгарылат

Коом Загрузка... 27 Ноябрь 2025 17:30
WhatsApp Image 2025-11-27 at 13.40.10 (4).jpeg
copyright icon УКМК

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Визасынын мөөнөтү бүткөн Кытай жарандары дароо Кыргызстандын аймагынан чыгарылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, Кытай жарандары Кыргызстанга атайын каттоо аркылуу, эмгек визасы менен киришет. Визанын мөөнөтү 2 айдан 1 жылга чейин болот жана мөөнөтү аяктаганда алар кайра өз өлкөсүнө кайтып кетүүгө милдеттүү.

"Коомчулукта "Кытай жарандары көбөйүп кетти" деген ар кандай пикирлер айтылып жатат. Ооба, Кытайдан келген жарандардын саны көбөйдү. Бирок, алардын айрымдары туристтик, айрымдары жумушчу виза менен киришет. Алардын баары тиешелүү каттоодо турат. Кытай жарандарын биз тартып келүүгө мажбурбуз.

Себеби, мамлекетибизде ири долбоорлор жүрүп жатат. Биздин мамлекетке инвестиция алып келсе болоруна башка мамлекеттер ишенди. Акыркы эки жылда мамлекетке ири инвестициялар келе баштады. Алсак, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу бүтүп калса Кыргызстанга транзиттен жылына кеминде 500 млн доллар акча түшөт. Каспийден Кытайдын башына чейин бара турган жолубуз болот", - деди Ташиев.

Ал ошондой эле Чүй облусундагы кытай жарандары катышкан чырлуу окуядан кийин социалдык тармактарда күчөп кеткен талкууларды атайын шайлоо алдындагы чагымчылдык катары баалады. Анын айтымында, бийлик бардык чет элдик жарандарды көзөмөлдөп турат жана мыйзам бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.