Камчыбек Ташиев: УКМКда криминалды колдогондор абдан көп болчу

Коом Загрузка... 07 Январь 2026 22:35

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.01.25 /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде криминалды колдогондор абдан көп болчу. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Айбек Бийбосунов тарткан «Президент» даректүү тасманын үчүнчү бөлүгүндө билдирген.

Анын айтымында, ал учурда укук коргоо, күч түзүмдөрү органдарында криминалдар көп эле.

УКМК төрагасы ошондой эле ага министрлердин бири ыйлап келгенин, ал кримтөбөлдүн тапшырмасын аткарбаса үй-бүлөң менен жок кылам деп коркутканын айткан.

Белгилей кетсек, даректүү тасмада өлкөдөгү соңку 4–5 жылдагы негизги саясий окуялар баяндалып, буга чейин коомчулукка чыга элек маалыматтар айтылган.