Камчыбек Ташиев кырсыктан эки бутунан ажыраган жаранга үй куруп берди

Аймак 07 Февраль 2026 12:59
629773325_1751090515849949_3511457944579126568_n.jpg
629643596_1751090512516616_6201397646145064187_n.jpg
629800378_1751090672516600_4138096428372235172_n.jpg
625780809_1751090589183275_4170369508697850262_n.jpg
625845423_1751090555849945_1248907605789052019_n.jpg
626060572_1751090735849927_2908101363176897842_n.jpg
626737223_1751090729183261_87779345400767368_n.jpg
627064202_1751090665849934_8809421548793418741_n.jpg
627264508_1751090709183263_6615380374926035138_n.jpg
627452649_1751090645849936_7146992980100387651_n.jpg
627491674_1751090549183279_2160476281362731025_n.jpg
629314061_1751090602516607_6201212855934325860_n.jpg
628155127_1751090702516597_4154253491230583281_n.jpg
628217665_1751090639183270_4790182625742531713_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 07.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сокулук районунун Исмайыл айылынын тургуну 1982-жылы туулган 44 жаштагы Азат Жусуевдин үйүнө барды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Жусуев 3 баланын атасы. 2023-жылы жаңы салып жаткан жер тамын бүтүрүү максатында Россияга миграцияга кеткен. 2024-жылы ноябрь айында жол кырсыгына кабылып, эки бутунан ажырап калган. Узак убакыт дарылануудан кийин Кыргызстанга кайтып, иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбогондуктан жер тамын бүтүрүүгө көмөк сурап социалдык тармак аркылуу коомчулукка кайрылган.

Белгилей кетсек, Жусуевдердин үй-бүлөсүндө мындан тышкары дагы бир мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар.

Мындан улам А.Жусуевге УКМК төрагасы көмөк көрсөтүп, бир айга жетпеген убакытта жер тамын бүтүрүп берди. 5 бөлмөлүү үйүндө бардык заманбап шарттар каралып, керектүү тиричилик эмеректери менен камсыздалган.

Ташиев А.Жусуевге жаңы тамдын ачкычын жана документин тапшырып, ага ден соолук каалап, жаңы ак өргөөсү менен куттуктады. Жаңы тамда жакшылыктар гана болсун деген тилегин билдирди.

Аны менен катар Ташиев Исмайыл айылынын жергиликтүү тургундары менен пикир алышып, алардын көйгөйлөрүн укту.

Жергиликтүүлөр айылда балдар үчүн спорт комплекси жок экенин айтып, жардам сурашты. Мындан улам төрага айылга заманбап шарттары менен спорт комплексин жана футбол аянчасын куруп берүүнү убадалады.

Ошондой эле айылдын шарты начар жолун оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, социалдык жактан аз камсыз болгон көп балалуу дагы бир үй-бүлөгө там салынып бериле тургандыгын айтты.