Камчыбек Ташиев Кочкордогу оорукананын курулушун баштоону тапшырды

Коом 6 сентябрь 2025 16:08
Камчыбек Ташиев Кочкордогу оорукананын курулушун баштоону тапшырды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.09.25. /Кабар/. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Нарын облусунун Кочкор районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, Кочкор райондук ооруканасынын абалы менен таанышты.

Анда эскилиги жеткен бир катар имараттарды бузуп, 4 кабаттан турган эки имарат курууну жана оорукананын айланасын жашылдандырууну жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырды.

Курулуш иштерине тийиштүү акча каражаты президент Садыр Жапаровдун стабилдештирүү фондунан каржыланары айтылды.

Курулуш иштерин тез арада баштоо жана сапатына, иштин аткарылышына тыкыр көз салуу милдети жергиликтүү УКМК бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилди.