Камчыбек Ташиев Кембриджде окуган Нурлан Ногойбаевге каржылык колдоо көрсөттү

Коом 29 июль 2025 14:27
525004774_1594280264864309_9131418917497066879_n.jpg
524707476_1594280258197643_7505422884165378071_n.jpg
524927789_1594280298197639_1396226747790434118_n.jpg
525792960_1594280308197638_235902958431361910_n.jpg
Алдыга
Артка
525004774_1594280264864309_9131418917497066879_n.jpg
524707476_1594280258197643_7505422884165378071_n.jpg
524927789_1594280298197639_1396226747790434118_n.jpg
525792960_1594280308197638_235902958431361910_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ат-Башы айылынын тургуну Нурлан Ногойбаевди кабыл алды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Ногойбаев Англиядагы Кембридж университенин Технология саясаты боюнча магистратурага тапшырып, окууга кабыл алдын бири, анда контракттык төлөмдүн баасы жогору болуп саналат.

Ногойбаев "Эл үмүтү" президенттик стипендиясына ээ болуп, каржылык колдоо алган. Деген менен акча каражаты толук түрдө контракттык төлөмгө жетпегендиктен, калган суммага көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Ал өтүнүч катты дароо кабыл алып, Ногойбаевге керектүү акча каражатын тапшырды.

УКМК төрагасы билимдүү жаштар өлкөнүн эртеңки келечеги экендигин баса белгилеп, Нурлан Ногойбаевдин окуусуна ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, Н.Ногойбаев буга чейин Франциянын Париж шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринен Жасалма интеллект боюнча магистратурасын аяктаган. Акыркы эки жарым жылдан бери Париж шаарында авиация тармагында инженер болуп иштеп келет.