Бишкек, 27.12.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Каракол шаарынын 51 жаштагы тургуну, 6 баланын энеси Элза Төрөгелдиевага 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Region телеканалы билдирет.
Элза Төрөгелдиева 6 баланы жалгыз өзү тарбиялап келет. Бирок өзүнө таандык турак жайы жок, балдары менен батирлеп жашап жүргөн. Андыктан, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге 2025-жылдын декабрь айынын башында кат жолдоп, көмөк көрсөтүүнү суранган.
Жыйынтыгында кыска аралыкта жооп болуп, Ташиев Төрөгелдиевага 3 бөлмөлүү бардык шарттары жана тиричилик эмеректери бар батирдин ачкычын жана документтерин, ошондой эле балдарына чакан белектерди тапшырды.
Өз кезегинде 6 баланын энеси, Камчыбек Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, өз кол өнөрчүлүгү менен жасаган белектерин берди.