Камчыбек Ташиев 6 балалуу энеге эки бөлмөлүү батир тапшырды

Коом Загрузка... 04 Июль 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 29 жаштагы 6 баланын энеси Айжан Болотбековага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Ал буга чейин УКМК төрагасына көмөк сурап кайрылган. Жыйынтыгында Ташиев Болотбековага шаардан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын белек кылды.

УКМК төрагасы Болотбековага жана анын үй-бүлөсүнө ден соолук каалап, балдардын келечеги жаркын болсун деген жакшы тилегин айтты.

Өз кезегинде жалгыз бой эне Камчыбек Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Айжан Болотбекова жалгыз бой эне, анын эки баласынын жана өзүнүн да майыптыгы бар. Колунда 5 айлык ымыркайы менен балдарын багууга шарты жок. Туруктуу жашаган үйү жоктугунан улам батирлеп жүрүп, ижара акысын төлөөдө да кыйынчылыктар болуп келген. Буга чейин 6 балалуу эне жардам сурап шаардык мэрияга кайрылган. Бирок, ал жактан эч кандай жооп болгон эмес.