Камбар-Ата-1 ГЭСи: Курулуш аянтында инфраструктуралык иштер кызуу жүрүүдө

Аймак 11 февраль 2026 13:55
632027296_18093037976476120_2962544741984470098_n.jpg
631584676_18093037958476120_7202079274947992814_n.jpg
631611317_18093037937476120_1230768290983744856_n.jpg
631653957_18093037967476120_1742161652929620576_n.jpg
631728590_18093037985476120_8010282173969452480_n.jpg
631736629_18093037925476120_3810360759544056373_n.jpg
631742705_18093037994476120_7091397181325654909_n.jpg
631975301_18093037913476120_413207185573902130_n.jpg
631976267_18093037895476120_1990401721895435924_n.jpg
632056675_18093037886476120_4819167634293066769_n.jpg
632093877_18093037946476120_4507045859673554998_n.jpg
632472087_18093037904476120_8861572766582262122_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Жалпы кубаттуулугу 1 860 МВт болгон “Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу” долбоорунун алкагындагы иштер пландалган графикке ылайык ырааттуу уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда гидроэлектр станциясын курууга даярдык иштери активдүү жүрүп жатат. Алардын катарына электр линияларын тартуу, жумушчулар үчүн шаарча куруу, көпүрө жана унаа жолдорун салуу сыяктуу инфраструктуралык иштер кирет.

Бүгүнкү күндө төмөнкү негизги жумуштар аткарылды:

  • Бишкек–Ош унаа жолунун 318-чакырымынан Прорез №2ге чейинки узундугу 8,6 чакырым болгон жол толугу менен бүткөрүлүп, объектти кабыл алуу иштери жүрүүдө;
  • Прорез №2ден Камбар-Ата-1 ГЭСинин тушуна чейинки 4,7 чакырым жолдун 4 чакырымы (95 пайызы) бүткөрүлдү;
  • Узундугу 126 метр болгон ТТ-2 транспорттук туннелинде бургулоо жана бетон иштери толугу менен аяктап, объект 100 пайыздык даярдык менен кабыл алуу стадиясында;
  • 110 кВ аба электр линиясынын 11,5 чакырымы толук тартылып, 25 даана мамы орнотулду. 110/6 кВ көмөк чордондогу негизги иштер 90 пайызга аяктоодо;
  • 100 адамга ылайыкташкан административдик корпус, жатакана, ашкана жана кошумча объекттердин курулушу 60–70 пайыз аткарылды;
  • Нарын дарыясы аркылуу ГЭСтин оң жээгине өтүүчү, узундугу 180 метрден ашык көпүрөнүн төрт бетон тирөөчү толук бүткөрүлүп, учурда металл конструкцияларын монтаждоо иштери жүрүп жатат. Жалпы даярдык 50–60 пайызды түзөт;
  • ТТ-2 туннелинин эксплуатациялык мезгилине карата курулуш-монтаж иштеринин алкагында 1 387 метр бетон жол толук бүткөрүлүп, ички конструкциялык иштер уланууда. Даярдык деңгээли 55–60 пайыз.