Камбар-Ата-1 ГЭСи: Негизги курулушту баштоо үчүн даярдык иштери уланууда

Коом 6 август 2025 09:15
526568075_747165467908431_8290174855878912378_n.jpg
528035048_747165377908440_8423112112128212957_n.jpg
528145753_747165381241773_4384088070131759545_n.jpg
528189560_747165464575098_581818010161739590_n.jpg
528380500_747165374575107_5919955544865865422_n.jpg
528809610_747165471241764_8399390418769966987_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги курулушун баштоого даярдык иштери жигердүү уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда жабдууларды жана материалдарды жеткирүү үчүн транспорттук тоннелдин курулушу толугу менен аяктады.

Ошондой эле дамбага жана курулуш аянтчаларына жетүүчү жаңы унаа жолдордун курулушу 70 пайызга бүткөрүлүп, тоннелдин ичиндеги бетондоо, жарык берүү жана желдетүү системаларын орнотуу жана ВЛ-110 кВ аба чубалгыларын тартуу жана ПС 110/6 кВ көмөк чордонун куруу иштери 60 пайызга аткарылды.

Мындан тышкары, вахталык шаарчанын курулушу уланууда, аны менен жумушчулар үчүн жашоо жана иш шарттары түзүлөт.

Нарын дарыясынын үстүнөн өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштери башталган.

Белгиленгендей, долбоор бардык коопсуздук жана сапат талаптарына ылайык, так график боюнча ишке ашырылып жатат.