"Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорунун наркы 4,2 млрд доллар деп бааланууда — Өзбекстандын энергетика министри

Борбор Азия Загрузка... 14 Октябрь 2025 16:07
photo_14_0.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 14.10.25. /Кабар/. "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорунун алдын ала баасы 4,2 млрд долларды түзөт, ал эми каржылоо портфели 5,6 млрд долларга жетет. Бул тууралуу Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов "Ўзбекистон 24" телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сентябрдын аягында Брюссель шаарында Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын энергетика министрлеринин катышуусунда Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өткөн. Дүйнөлүк банктын колдоосу менен уюштурулган жыйынга Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, Азия өнүктүрүү банкы, ОПЕК фонду жана башка ири финансылык институттар катышкан.

Министр белгилегендей, долбоор экология, коопсуздук жана экономика тармактарындагы эл аралык талаптарга ылайык ишке ашырылат. Камбар-Ата-1 ГЭС — бул "жашыл энергетика" багытындагы ири регионалдык демилге болуп, үч өлкөгө суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.

Долбоордогу үлүштөр төмөнкүдөй бөлүнгөн: Кыргызстан — 34 пайыз, Өзбекстан жана Казакстан — 33%пайыздан. ГЭС Жалал-Абад облусундагы Нарын дарыясынын боюнда курулуп, кубаттуулугу 1860 мегаватты түзөт. Курулуш иштери 10 жылга созулат деп күтүлүүдө.