Калыс-Ордо конушунда жаңы бала бакчанын курулушу башталды

Коом 6 октябрь 2025 09:00
557733923_1254002176769453_7856248210248768269_n.jpg
557465132_1254001270102877_5518106357936283611_n.jpg
557602326_1254002830102721_126169719307499803_n.jpg
557634516_1254003683435969_4201556990868438110_n.jpg
557636488_1254005710102433_529154749968469953_n.jpg
557699412_1254000700102934_4321960012084434414_n.jpg
557727834_1254000540102950_1205635280980685037_n.jpg
557774173_1254000530102951_8368184737304939646_n.jpg
558014154_1254002850102719_4514947430598718855_n.jpg
558019650_1254005740102430_7374079464595650436_n.jpg
558653392_1254005706769100_4748471350210679689_n.jpg
558669763_1254004916769179_4259392638825113721_n.jpg
558857588_1254002213436116_1410878485629859676_n.jpg
558885336_1254005126769158_1975643977392848004_n.jpg
559052987_1254002166769454_7756707812208705733_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Күн мурун Калыс-Ордо жаңы конушунда 110 балага ылайыкталган бала бакчанын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага эмгек министри Канат Сагынбаев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков, Агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев, кувейттик "Шейх Абдулла Аль-Нури" кайрымдуулук фондунун, ошондой эле фонддун өнөктөшү "Асанабил" фондунун өкүлдөрү катышты.

Калыс-Ордо социалдык шаарчасы аз камсыз болгон, көп балалуу жана жесир аялдар жашаган үй-бүлөлөр үчүн курулган. Учурда бул жердe 30 үй-бүлө жашап, алар үчүн ыңгайлуу жашоо, балдарды тарбиялоо жана билим алуу шарттары түзүлүүдө.

Капсула түптөө аземи жаңы конуштун инфраструктурасынын өнүгүүсүндөгү жаңы этаптын башталышын тастыктады, мектептин курулушу аяктагандан кийин заманбап бала бакчанын курулушу башталды.

Өз сөзүндө министр Канат Сагынбаев президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясат үй-бүлөнү ар тараптан колдоого жана демографиялык өнүгүүнү чыңдоого багытталганын белгиледи.

Министр ошондой эле 2025-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынганын билдирди. Документ КР президентинин "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку "бала береке" төлөмүн берүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

"Мамлекеттик саясаттын аймактык деңгээлде донорлор менен ишке ашырылышы бизди кубандырбай койбойт. Ошондуктан Бишкек мэриясынын жана “Шейх Абдулла Аль-Нури” фондунун кызматташтыгы балдарды колдоого багытталган саясаттын үлгүлүү башталышы болуп саналат", — деди министр.

"Бүгүнкү капсула биздин достуктун, ыраазычылыктын жана балдарыбыздын жарык келечегине болгон үмүттүн символу болсун", — деп белгиледи Канат Сагынбаев.