Бишкек, 29.09.25 /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында болгар калемпирин жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул көрүнүштү сүрөтчү Влад Ушаков объективине түшүрдү.
Жандуу түстөргө бөлөнгөн талаалар — кызыл, жашыл жана сары калемпирлер менен көмкөрүлүп, көз жоосун алат. Бул жерде Кыргызстандагы эң ширелүү жана суроо-талап жогору жашылчалардын бири өстүрүлөт.
Сүрөтчүнүн айтымында, жергиликтүү дыйкандар органикалык ыкмаларды колдонушат. Натыйжада, бул жердин болгар калемпири даамы, түсү жана сырткы көрүнүшү менен айырмаланат.
Түшүм кампада көпкө кармалбайт, күн сайын толо жашылча жүктөгөн фуралар Казакстанга, Өзбекстанга жана Россияга жөнөтүлүп турат. Жакынкы күндөрү Таластын болгар калемпири Москва менен Екатеринбургдун дүкөн текчелеринен орун алмакчы.
Болгар калемпирин жыйноо — бүт айылдын иши: талаага үй-бүлөлөр толугу менен чыгышып, сезондук киреше табышууда. Бул өз кезегинде айыл бюджети үчүн чоң көмөк болууда.
Совет мезгилинде бул аймакка алгач алып келинген болгар калемпири бүгүн Таластын айыл чарба брендине айланып, аймактын берекелүү жери экенин дагы бир ирет тастыктап жатат.