Бишкек мэри жер тилкесине байланыштуу талаш маселелерди чечүүнү тапшырды

Коом 96 12 Август 2026 15:35
772586164_2246887586153342_4413085652699554688_n.jpg
772773195_2227009311483303_4166185986458056989_n.jpg
773696038_1073798785606085_4588649544579031806_n.jpg
Алдыга
Артка
772586164_2246887586153342_4413085652699554688_n.jpg
772773195_2227009311483303_4166185986458056989_n.jpg
773696038_1073798785606085_4588649544579031806_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.08.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Рухий-Мурас конушунун тургуну менен жолугуп, жер тилкесине байланыштуу маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн карады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 2006-жылы жаранга жер тилкесин берүү жөнүндө токтом кабыл алынган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ал аталган документтин негизинде жерге болгон укугун мыйзамда белгиленген тартипте жол-жоболоштуруп, каттоодон өткөрө алган эмес.

Кийинчерек бул жер тилкеси үчүнчү жактар тарабынан беш жолу кайра сатылып, натыйжада ага болгон укуктар боюнча талаш жаралган. Учурда аталган маселе боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, кырдаалдын жагдайларын коңшу үйлөрдүн жашоочулары да ырасташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө сунушталган документтер жана келип чыккан талаштын жагдайлары каралды. Талкууга укук коргоо органдарынын, шаардык кызматтардын өкүлдөрү жана коңшу үйлөрдүн жашоочулары катышты.

"Жолугушуунун жыйынтыгында Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтарга сунушталган документтерди кылдат изилдеп чыгып, жер тилкесин мыйзамдардын талаптарына ылайык жол-жоболоштуруу маселесин кароону тапшырды. Ал эми укук коргоо органдарына өз компетенциясынын чегинде көмөк көрсөтүү милдети жүктөлдү",-деп айтылат маалыматта.