Бишкек, 22.09.25 /Кабар/. Кайсы элдин тилинде сөздөрү көп, тили бай болсо, демек ошол элдин басып өткөн турмуш тажрыйбасы мол деп түшүнсөк болот. Бул тууралуу президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, эгемен мамлекетте жашап жаткан соң, бул мамлекеттик тил күнү ар бирибизге маанилүү.
“Мамлекеттик тил күнүнүн тарыхына токтолсок, 1989-жылы кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилгени атайын мыйзам менен бекитилгени. Муну кайсы бир деңгээлде улуттук кайра жаралуу чоң процессинин алгачкы кадамы катары эсептесек болот. Себеби, 1985-жылы Советтер союзунун акыркы жылдарында кайра куруу, демократия деген башка нукка бурулган жалпы чоң жүрүш пайда болгон. Ошол кездеги биздин коомдук ишмерлер бардыгы биригип, улуттук кайра жаралуу кыймылы же процесси пайда болуп, элдин аң сезиминде ошол кездеги мезгилдин бир талабы катары кабылдангандыгы жана эң биринчи аракет ушул кыргыз тили мамлекеттик тил болсун деген бир чоң талап, мүдө аткарылып, мыйзам кабыл алынган”,- деди Мураталиев.
Белгилей кетсек, улутту улут кылып турган негизги көрсөткүчү бул тил экендигин, тил улуттун жаны деген түшүнүккө кошулаарын Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы өз сөзүндө белгиледи.
“Эгер элдин эне тили колдонулуп, сүйлөнүп жатса, ошол тилдеги ар бир сөз жашоо турмуштан, тажрыйбадан келип чыккан түшүнүктөр. Төл сөздөрдүн бары кадимкидей элдин, улуттун басып өткөн жолунан, турмуштук тажрыйбасынан кабар берип турат. Ар бир сөз турмуштан, тажрыйбадан келип чыккан түшүнүк”,- деди ал.
Ошондой эле ал 23-сентябрь - Кыргызстандын мамлекеттик тил күнү жалпы өлкөдө жашаган элдердин, мамлекеттик кызматкерлерден тартып, жөнөкөй атуулдарга чейин бардыгына бирдей тегиз тиешеси бар майрам экендигин кошумчалады.