Кадрлар резервине кирген лидер аялдар мамлекеттик кызматтарга дайындала алат. Долбоор коомдук талкууда

Коом Загрузка... 13 Август 2025 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

11-августта президенттин “Саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарга, саясий муниципалдык кызматтарга дайындоо үчүн аялдар-лидерлердин атайын кадрлар резервин түзүү, иштетүү тартиби жана алардын квалификациясын жогорулатуу системасы жөнүндө” жарлыгынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ koomtalkuu.gov.kg сайтына жайгаштырылды. Жарлыктын долбоору Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан иштелип чыкты. Эми долбоор 25-августка чейин талкууда болот. Жарандар долбоор менен таанышып, өз сунуш-пикирлерин калтыра алат.

Жарлыктын максаты жана милдеттери

Президенттин “Саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарга, саясий муниципалдык кызматтарга дайындоо үчүн лидер аялдардын атайын кадрлар резервин түзүү жана иштетүү жана алардын квалификациясын жогорулатуу системасы жөнүндө” жарлыгынын долбоору президенттин 2024-2027-жылдарга жана 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаларынын иш-чаралар планын ишке ашыруу, ошондой эле Конституцияда көрсөтүлгөн өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда аялдар үчүн тең укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү, ресурстарга тең жеткиликтүүлүктү, мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Долбоордо лидер аялдардын атайын кадрлар резервин түзүү жана аны иштетүү милдети коюлган. Атайын кадрлардын резервине кабыл алуу конкурсу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жылына бир жолу жарыяланары жана өткөрүлөрү айтылат.

Сынактын этаптары:

– е-куzmat аркылуу каттоодон өтүү жана документтерди тапшыруу;

- тестирлөө;

– мультипсихометрикалык тестирлөө;

– эссе жазуу;

– аңгемелешүү.

Сынакка катышууну каалаган адамдар арызды электрондук форматта е-кyzmat автоматташтырылган маалыматтык тутумундагы жеке кабинети аркылуу тапшырат.

Атайын кадрлардын резервине киргизүү үчүн талапкерлер жооп бере турган квалификациялык талаптар:

– жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жалпысынан 5 жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинен жетекчилик кызматтарда 3 жыл, же мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта иштөө менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар;

– мамлекеттик тилди билүү.

Кимдер талапкер боло албайт:

– мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюла элек соттуулугу бар;

– коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлгандыгына же алынып салынгандыгына карабастан;

– кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча токтотулган;

– башка мамлекеттин жарандыгы бар.

Атайын кадрлар резервине кирген лидер аялдар саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарга, ошондой эле саясий муниципалдык кызматтарга дайындала алат. Резервисттин атайын кадрлар резервинде болуу мөөнөтү кирген күндөн тартып 3 жылды түзөт.

Кадрлардын атайын резервине киргизилген резервист бир жылдын ичинде башкаруу жөндөмдүүлүгүн жана лидерлик компетенциясын жогорулатууга багытталган окуу курстарынан өтүүсү зарыл. Окуу курсу аяктагандан кийин резервист лидерлик сапаттарынын, билиминин, жөндөмдөрүнүн жана көндүмдөрүнүн өнүгүү деңгээлин аныктоо үчүн комплекстүү тесттен өтөт, анын жыйынтыгы боюнча "Мамлекеттик жана муниципалдык башкарууда аялдардын лидерлиги" сертификаты ырасталат. Атайын кадрлар резервинде турган резервист "Мамлекеттик башкаруу жана аялдардын лидерлиги" багыты боюнча "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" магистрдик программасына бюджеттик негизде тапшырууга укуктуу.

“Кабар” агенттигине Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Индира Шаршенова билдиргендей, учурда регионалдык жана муниципалдык кадрлар резервинде 800дөн ашык адам турат. Алар 1300 позицияда (бир адам бир канча позицияга талапкерлигин коет), анын 13%ын аялдар түзөт.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 17.17.47.jpeg

“Бүгүнкү күндө регионалдык жана муниципалдык кадрлар резерви бар. Жакында эле президент жарлыкка кол коюп, өзгөртүү киргизилди. Анда регионалдык жана муниципалдык резерв деп бөлбөй бардыгы жалпыланган бир резервге бириктирилет. Ошол резервге тандоо процесси түзүлдү. Ага президент кол койду. Азыр биздин агенттик жарлыкка ылайык, жол-жоболору боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Ал эми коомдук талкууга чыгарылган “Саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарга, саясий муниципалдык кызматтарга дайындоо үчүн аялдар-лидерлердин атайын кадрлар резервин түзүү, иштетүү тартиби жана алардын квалификациясын жогорулатуу системасы жөнүндө” жарлыктын долбоорунда көрсөтүлгөндөй, саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарга, саясий муниципалдык кызматтарга лидер аялдардын атайын кадрлар резерви түзүлөт”, - деп белгиледи Индира Шаршенова.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Альфира Супатаева эки жыл мурда кадрлар резервине кирген. Ал "кайсы гана тармак болбосун, аял жетекчилер жоопкерчиликтүү, дыкат иштеп, оң жыйынтыктарды көрсөтө алат" деп эсептейт.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 17.17.47 (1).jpeg

“Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги саясий жана административдик кызмат орундарына уюштурулган кадрлар резерви азыр жаңы кайрадан жаңы багыт менен уюштурулууда. Менин талапкерлигим регионалдык жана муниципалдык кадрлар резервинде облустук маанидеги шаарлардын вице-мэрлери үчүн ваканттык орунда турат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иш тажрыйбам 15 жылга таяп калды. Мамлекеттик кызматтын II кеңешчиси класстык ченим бар. Иш тажрыйбам жетиштүү болгондугуна байланыштуу социалдык блоктордогу иштерди аркалоону көздөп жүрөм”, - дейт Альфира Супатаева.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө коомдук, саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөдө башкаруучулук же лидерлик позицияны ээлеген, демилге көтөргөн, коомдук пикирди калыптандырууда маанилүү ролду аткарган лидер аялдар жок эмес. Кадрлар резервин түзүү аялдардын саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарга, саясий муниципалдык кызматтарга дайындалышына мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана жетекчи кызматтарда аялдардын өкүлчүлүгүн көбөйтүү максатын көздөйт. Мында аялдарды жетекчилик кызматтарга көрсөтүү жана дайындоо үчүн жогорку профессионал кадрлардын резервин түзүү каралган.